Убактылуу тергөө абагындагы өзбек атуулдары качкын макамын ала элек

БИШКЕК. Ош шаарындагы убактылуу тергөө абагындагы Өзбекстандык 5 атуулдун бирөөсү качкын макамын алуу боюнча Кыргызстандын миграция комитетине арыз жолдогон. Азырынча анын арызы канаатандырыла элек. Ал эми тергөө абагындагы Өзбекстандык дагы 4 атуулга оор кылмыш кылган делип шектелип кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу миграция комитети качкын макамын берүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу Атуулдар коррупцияга каршы бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова 2-январда “Азаттыкка” билдирди.
Өткөн жыл соңунда Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев маалымат жыйынын өткөрүп, эгерде миграция комитети Өзбекстандык беш атуулга качкын макамын берүүдөн баш тартса, алар өз өлкөсүнө кайтарыларын билдирген.