Мектеп окуучуларына жаңы жылдан тарта мамлекет эсебинен тамак бериле баштайт

Мектеп окуучуларына тамак берүүнү уюштуруу жөнүндө мыйзам долбоору кыргыз өкмөтү тарабынан жактырылды. Премьер-министр Ф. Кулов бул жөнүндө токтом чыгарып, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөттү.

Кыргызстандын Каржы жана экономика министрлиги 2006-жылдын бюджетинде мектеп окуучуларына тамак уюштуруу үчүн 100 миллион сом кошумча каралганын билдирген. Республиканын мектептеринде ушул убакка чейин каражат тартыштыгынан окуучуларга тамак уюштуруу колго алынбай келатат.