Олимпиада комитетинин жыйынында анын бир мүчөсү мүрт кетти

БИШКЕК. 5-январда Улуттук Олимпиада комитетинин Башкы ассамблеясынын жыйынында кичи футбол ассоциациясынын башкы катчысы, Олимпиада комитетинин жыйынында чөп үстүндөгү хоккей федерациясынын жетекчиси дене тарбия, спорт агенттигинин аппарат башчысы Кадыр Атагараев жүрөгү токтоп калып, күтүүсүз каза болду. Атагараев жыйындын башталышында комитеттин курамына байланышкан талаш-тартышка кызуу катышып жаткандардын бири болгон.
Улуттук Олимпиада комитетинин Башкы ассамблеясында комитеттин курамы кайра түзүлмөк жана президентти шайлоо күнү белгиленмек. Уставга ылайык президенттикке аткаруу комитетине мүчөлөрдүн ичинен талапкерлер сунушталышы керек. Комитеттин 49 кишиден турган болжолдуу курамына Арслан Малиев жетектеген жебе атуу федерациясы, Камчыбек Ташиев жетектеген бокс федерациясы, Аскар Салымбеков жетектеген «Көкбөрү» федерациясы, Рысбек Акматбаев жетектеген фехтования федерациясы өңдүү тараптар катталган. Буга чейин улуттук олимпиада комитетин Эшим Кутманалиев, Айдар Акаев, Аскар Салымбеков, Баяман Эркинбаев башкарып келген. Март окуясынан кийин комитеттин башына келген Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев 20-сентябрда белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн.