Ооганстандагы жанкечти чабуулунан он адам курман болду.

Ооганстандын борбор аймагындагы Урузган провинциясынын борбору Тирин Кот шаарында чогулуп турган полициячылар тобуна бир жан кечти машине менен кирип барып, аны жардырып жибергенден кеминде 10 адам курман болду жана дагы элүүгө жакын киши жараат алды. Окуя - провинция өкмөтүнүн имаратынан 500 метр алыстыкта болгон.