Тегеранда Иран менен Орусиянын өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрүүдө

Тегерандагы орус элчилиги тараткан маалыматка караганда, бүгүн Иранга орус өкүлчүлүгү келди жана алар иран жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Талкууга алынган негизги маселе - Ирандын өзөктүк ишканаларында пайдаланылган өзөктүк заттарды Орусияга алып кетип, аларды Орусияда кайра иштетүү. Ирандын өзөктүк программмаларынан чыккан маселе боюнча 5-январда Вена шаарында атайын жыйын болмок, бирок ага Ирандын өкүлдөрү келбей койгон.