Россия жана Иран теңшерикке ядролук ишкана курмак болууда

Ирандын жана Россиянын улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү ядролук сүйлөшүүлөрдү кайра улантышты. Тегерандагы сүйлөшүүнүн максаты-уранды байытуу боюнча Россияда тең орток концорциумду түзүү.
Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид-Реза Асефи сүйлөшүү үзүрлүү жүрүп жатат деп билдирди.
Ал эми Коопсуздук кеңешинин өкүлү Жавад Ваеди Тегерандын уранды байытуу планына каршылык иретинде Бушердеги атомдук станцияны куруудан баш тартты жана Евробиримдик Иранды уранды байытпоого чакырды деген кабарларды калпка чыгарды.