Шайлоо жараяндары өлкөдөгү кырдаалга элдин таасир этишине шарт түзө алат

БИШКЕК. Шайлоо системалары боюнча эл аралык фонд (IFES) өз иликтөөлөрүнүн негизинде ушундай тыянак чыгарды. АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин колдоосу менен өткөн жылдын этегинде уюштурулган бул иликтөөгө өлкөнүн ар тарабынан 1000 адам катышкан. Бул адамдардын көпчүлүгү уюштуруучуларга акыркы президенттик шайлоонун акыйкат өткөндүгүнө ишенгендигин, тунук үкөктөрдү коюу, колду маркировкалоо өңдүү жаңы ыкмаларды колдоорун билдиришкен. Эл аралык фонддун иликтөөсүнө караганда, мындай ишеним шайлоочуларда 61% түздү. 1996-жылы ал 56%, 1995-жылы 49% болгон. Сурамжылоого катышкан шайлоочулардын 33% президенттик шайлоодо шайлоону ишке ашыруу максатында шайлоочулардын саны жогорулатылып берилди деп санашкан.


Аба ырайы

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 10-январда Кыргызстанда маал-маалы менен кар жаайт. Жол тайгак болот
Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз -3...+2 градус.
Талас дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2 градус.
Баткен, Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...+4 градус.
Нарын аймагында түнкүсүн -15...-20, күндүз -7...-12.
Ысыккөлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...+2 градус.
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн
-2...-4, күндүз 0...+2 градус.

Кыргызстандагы соңку кабарларды Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустук кабарчылар даярдашты

Редактору Кубат Чекиров