БИШКЕК. Белгилүү спортчу Раатбек Санатбаевдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, учурда аны өлтүргөндөрдү издөө улантылууда. Кылмыш болгон жерде ТТ маркасындагы тапанчанын бир гильзасы, Санатбаевдин менчик “Ягуар” үлгүсүндөгү жеңил автоунаасын тешип өткөн ТТ маркасындагы тапанчанын 2 огу табылган. Алдын ала алынган маалыматка караганда, Раатбекти азиа улутундагы белгисиз эки адам аткан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Кандуу окуяга байланыштуу «Азаттыкка» пикирин Олимпиадалык даярдоо борборунун директору Руслан Искенов билдирди:
- Өзүбүзгө келе элекбиз азырынча. Бул жерде мындай болду, андай болуп калды деп пикир айтууга да кыйын болуп турат. Бул жерде түшүнүксүз көп нерселер бар шекилдүү. Себеби, Раатбектин бизнеси таза болуучу. Эч ким менен чатакташкан эмес. Жумушуна абдан так болуучу. Өзү дайыма таза жүрүүчү. Мен үчүн саясий оюн болуп атат же мындай болуп кетти деп айтыш абдан эле оор болуп турат.
Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионунун коло медалынын ээси маркум Раатбек Санатбаев кийинки мезгилде Олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуп иштеп келген.