Казакстандын парламенти Даниял Ахметовту кайрадан өкмөт башчылыкка бекитти

Ахметов биринчи жолу премьер-министрликке 2003-жылы дайындалган. Жакында 7 жылга шайланган президент Назарбаев депутаттарга кайрылып, өкмөт эч кандай олуттуу ката кетирбегендиктен, ишин уланта бериши керек деп, Ахметовтун талапкерлигин дагы бир жолу сунуш этти.. Казакстанда бийлик мамлекет башчынын колунда топтолгон. Ал өкмөт башчыны жана министрлерди бекитет.


Айнура Жекше кызы, Прага