Украинада канаттуунун сасык тумоосу кайрадан катталды

Украинада канаттунун сасык тумоосу боюнча жаңы факты катталды. Расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, Севастополдон беш куштун өлүгү табылды. Мунун аралыгында, кечээ Пекинде аяктаган конференцияда донор мамлекеттер менен уюмдар илдетин жайылышына каршы күрөшүү үчүн 1,9 миллиард доллар бөлүүнү убада кылышты. Адеп башында 1,2 миллиард доллар эле жыйноо белгиленген эле. Ал эми убада кылынган акчанын басымдуу бөлүгү насыя түрүндө болот. 2003-жылдан бери канатуунун сасык тумоосунан Чыгыш Азияда 75 адам көз жумду, Түркияда ушул айдын ичинде төрт жаш бала каза тапты. Адистердин айтымында, азырынча вирус адамдан - адамга өткөн бир да учур каттала элек.