Пакистанда америкалык аскерлердин аба чабуулуна байланышкан нааразылык акциясы уланууда

Инаят Кала шаарында 5 миңге чукул демонстрант “Жашасын Усама бин Ладен!” деген урандарды кыйкырып, АКШ президенти Жорж Буштун сүрөттөрүн өрттөштү.
13-январда америкалык аскерлер Ооганстан менен чегарага жакын жердеги кыштакка сокку уруп, кеминде 13 карапайым тургун жана болжолу менен Ал-Кайиданын лидерлери да мерт кеткен. Бирок Ак Үй чабуул тууралуу кабарларды расмий тастыктай элек.
Антиамерикачыл радикал диний топтордун альянсы эртең массалык нааразылык иш-чарасын өткөрөбүз деп билдирди.