МАГАТЭнин директору АКШ менен ЕБнын талабына көнбөдү

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик-МАГАТЭнин башчысы Мохаммед эл-Барадейи АКШ жана Евросоюздун агенттик 2-марттагы чукул жыйынга чейин Ирандын ядролук программасы боюнча толук доклад берсин деген талабын четке какты.
Ройтер агенттигинин маалымдашынча, эл-Барадайи Евробримдик менен АКШга жазган катында толук докладды даярдоо үчүн ага кошумча убакыт зарыл экенин, Иран планга ылайык 6-мартка карай МАГАТЭнин суроолоруна жооп бере турганын билдирген.
Иранды өзөктүк программасыдан баш тартыруу үчүн Евробримдик жана АКШ чогуу МАГАТЭ маселени Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде кароону сунуш кылуусуна аракет кылууда.