Иран өзөктүк программасынан эч качан баш тартпай турганын билдирди

Ал эми Британиянын премьер-министри Тони Блэр эларалык коомчулукка билдирүү жасап, “Тегеран өзүнүн эларалык милдеттенмелерине кайтышы” үчүн дүйнө ага басымды күчөтүшү керектигин айтты.

- Иран өз милдеттенмелерин бузуп жатканын эле эмес, регионго терроризмди экспорттоп жатканын да эске алып, мунун өзү адам укуктарына кандай таасир этип жатканын көңүлгө буруш керек. Андыктан биз Тегеранды кайра өз милдеттенмелерине кайтышына ишенимдүү чакырышып, бул аракеттерди колдошубуз зарыл, - деди Тони Блэр.

Дүйшөмбүдө Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги баардык туруктуу мүчөлөр Иран маселесин Коопсуздук Кеңешке өткөрүп берүү чечимин кабыл алышкан. Эгер Коопсуздук Кеңеш макул көрсө, Иранга каршы санкциялар киргизилиши мүмкүн.
Анткен менен Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад “Иранды эч нерсе өзөктүк курал программасынан баш тартууга мажбурлай албай тургандыгын” айтты.