Багдадда өтүп жаткан сотко мурдагы президент Саддам Хусейн бүгүн дагы келген жок

Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейнге каршы Багдад шаарында өтүп жаткан сотко Саддам жана аны менен кошо соттолуп жаткан жети адамдын төртөө бүгүн да келген жок. Алар соттун жаңы төрагасы Рауф Абдел Рахмандын алмаштырылышын талап кылууда. Анткен менен сотко алардын өкмөт дайындаган адвокаттары катышты. Багдаддын Садр сити деген борбордук чөлкөмүндө болсо бүгүн америкалык аскерлер менен шийи лашкерлери ортосунда кагылышуу чыкты, кеминде бир адам өлгөнү тууралуу айтылууда. Андан тышкары бүгүн Багдадда эки тележурналист барымтага алынып кеткени жөнүндө да кабарлар бар. Ал эми кечээ күнү ар башка аймактарда болгон кагылышууларда беш америкалык аскер курман болгону тууралуу бүгүн кабарланды.