Кошмо Штаттардын чалгын кызматынын башчысы “Борбор Азияда төңкөрүш жасаганга аракет кылган күчтөр бар” дейт

Кошмо Штаттардын Улуттук чалгын кызматынын директору Жон Неграпонте Борбор Азияда кризис болушу мүмкүн деп билдирди. Сенатта чыгып сүйлөгөн сөзүндө Неграпонте “Региондогу айрым мамлекеттерде жергиликтүү кландар бийлик үчүн күрөштү күчөтүп жатышат, төңкөрүш болушу да мүмкүн” деген пикирин айтты. Анын оюнда, борбордук бийликтин кулашы террордук жана жөн эле кылмыштуу топтордун активдешишине алып келиши ыктымал.