Даниянын премьер-министри Андерс Фогх Расмуссен “ал-Арабия” телеканалы аркылуу мусулмандарды өз ара түшүнүүчүлүккө чакырды:
-Көпчүлүк мусулмандар даниялык гезиттеги сүрөттү Мухаммед пайгамбарды маскаралоо деп кабыл алганы мени аябай өкүндүрдү. Мен гезиттин максаты андай болбогонун билем. Гезит ал үчүн кечирим сурады жана биз анын негизинде бир чечимге келе алабыз.
Даниялык гезиттин Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган сүрөтүн Франция, Норвегия жана Германия гезиттеринин көчүрүп басуусу айрым мусулмандар арасында нааразычылыктарды жаратууда.
Бүгүн Жакартадагы Даниянын элчилиги алдында 300дөй индонезиялык жаран нааразылык акциясын өткөрүштү.
Газа шаарындагы француз маданий борборунун жанына чогулган палестин согушчандары абага автоматтан ок атып, кур дүрмөт бомбаларды жардырышты.
Пакистан парламенти бүгүн кабыл алган резолюцияда карикатура “бузукулук” деп аталат жана “сөз эркиндиги жоопкерчиликти да талап кылат” деп белгиленет.
Президент Первез Мушарраф да Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн европалык гезиттерде басууну сындады.