Мамлекеттик департаменттин өкүлү Кертис Купердин билдиргенине караганда, ой- пикир айтуу эркиндиги албетте сакталышы керек, бирок басма сөз да өз жоопкерчилигин түшүнүүсү абзел. Ал белгилегендей, жарыяланган карикатуралар диний жана улут аралык ыйкы-тыйкылыкты козуткан. Карикатуралар оболу даниялык гезиттерде чыккан, аларды айрым европалык гезиттер жума күнү да басышты.