Парламент бюджетти кароого киришти

6-февралда Жогорку Кеңеш 2006-жылга бюджет долбоорун экинчи окууда карай баштады. Ал боюнча парламенттин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибеков сөз сүйлөп, долбоорду комитетте талкуу учурунда 811 миллион сом кошумча каражат табылганын жана ал социалдык багытка жумшала турганын билдирди. Бюджетти талкууга өкмөт башчы Феликс Кулов баш болгон министрлер катышты. Талкуу шейшемби күнү улантылат. Келерки жылдын бюджетинин кирешеси 20 миллиард 58 миллион сом, чыгашасы 20 миллиард 479 миллион сом деп чектелүүдө.