Мусулман мамлекеттериндеги антиевропалык митинг-демонстрациялар уланууда жана Даниянын премьер-министри Андерс Фог Расмуссен аны дүйнөлүк кризис деп атады. Анын айтымында, кризисти исламдык экстремисттер өз пайдасына бурууда жана дүйнө мамлекеттери абалды тынчытуу үчүн чечкиндүү аракет көрүүгө тийиш. Орус президенти Владимир Путиндин айтымында, Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөрдүн европалык гезиттерде жарыяланганы провокация болгон. Бириккен Улуттар, Европа Биримдиги жана Исламдык Конференция уюму кечээ күнү биргелешкен билдирүү жасап, маселе сүйлөшүү аркылуу чечилүүгү тийиш деп жарыялады.