Карикатурага байланышкан демонстрациялар улантылды, норвегиялык редактор мусулмандардан кечирим сурады

Маселен Малазиянын борбору Куала-Лумпурда бүгүн 3 миңдей адам нааразылык билдирип, Дания элчилигин алдына барышты. Пакистан менен Бангладеште 5 миңдей адам көчөгө чыкты.

Мунун аралыгында, эң оболу даниялык гезитте чыкан карикатураларды көчүрүп баскан норвегиялык " Magazinet" деп аталган журналдын редактору бүгүн Ослодогу пресс- конференцияда мусулмандардан кечирим сурады.