БИШКЕК. Ажылык зыяратынан мекенине кайтып келаткан Кыргызстандыктардын саны 2018 адам. Алардын алды Өзбекстанга келип калышты, ал эми арты Иран мамлекетинде. Учурда Түркмөнстандын тышкы иштер министрлиги тарабынан дагы 34 адамдын документи такталууда. Бул тууралуу Мамлекеттик дин башкармалыгынан 11-февралда “Аазттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда Түркмөнстандын тиешелүү кызматтары Кыргызстандык атуулдардын документтерин толтуруп элчиликтин өкүлдөрүнө тапшырууда. Аларды Түркмөнстандын аймагынан МАИнин коштоосунда узатышууда.