Ариэл Шарондун абалы оор, бирок стабилдүү

Израилдин премьер министри Ариэл Шаронго эки күн мурда чукул операция жасалган эле. Дарыгерлер премьердин аш-сиңирүүчү системасы начар иштеп жатканын көрүп, тезинен операция жасашкан. Азыр болсо анын абалы оор, бирок стабилдүү деген кабар айтылып жатат. 77 жаштагы Шарон 4-январда мээсине кан куюлуп, эсин жоготуп койгон. Ошондон бери Иерусалимдеги ооруканада жатат.