Багдадда Саддам Хусейнге каршы сот иши 28-февралга дейре токтотулду
Анын алдында Саддам судьяларга 3 күндөн бери ачкачылык кармап отурганын айткан. Саддам жана дагы жети айыпталуучуга 1982-жылы Ирактын экс-лидеринин өмүрүнө кол салуу аракети жасалгандан кийин 150дөй шийини өлтүрткөн деген айып тагылган.