«Кант» базасы боюнча жаңы макулдашуу долбоору колдоо тапты

БИШКЕК. 16-февралда Бишкекте «Россиянын аба-аскерий базасын Кыргызстан аймагына жайгаштыруунун шарттары жана макамы жөнүндөгү» 2003-жылдын 22-сентябрында кабыл алынган макулдашууга кошумча протоколдун долбоору талкууланып, жактырылды. Талкууга Кыргызстан тараптан коргоо министри Исмаил Исаков, Россия тараптан аба-аскерий күчтөрдүн кол башчысы Владимир Михайлов катышты. Министрдин айтымында, протоколдо коммуналдык кызматтын лимитине, Кант аба майданын «Манас» аба майданында аба ырайына байланыштуу учактардын конуу мүмкүнчүлүгү болбой калган шартта пайдалануу жана учкучтарды окутуу маселелерине байланышкан жагдайлар камтылды. Мыйзам боюнча бул долбоор бардык министрликтердин талкуусунан кийин Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат. Колдоо тапкан шартта президенттин жардыгынын негизинде ишке кирет.