Америкалык алты портту башкаруу укугу Дубайи мамлекетинин компаниясына өттү

АКШнын Балтимор, Майами, Нью-Йорк, Нью-Жерси, Нью-Орлеан жана Филадельфия портторундагы техникалык иштерди башкаруу укугу Дубай мамлекетинин компаниясына өткөнүн америкалык саясатчылар сынга алууда. Мурда ал иштерди британиялык компания жүргүзчү жана ал укукту жакында өзүнө Дубай сатып алган, АКШ өкмөтү болсо ага уруксат берген. Айрым саясатчылардын пикиринде, ишти тийиштүү деңгээлде жүргүзүүгө дубайлык компаниянын кудурети жетпей калышы мүмкүн.



Нарын АЙЫП, Прага