Бишкекте баш калкалап жүргөн өзбекстандык журналист Швецияга кетти

Журналист Толкун Караев 22-февралда Швецияга жол тартты. Былтыр 13-майдагы Анжиян окуясынан кийин бийликтин кысымынан улам Өзбекстандан качып чыгууга аргасыз болгон бул журналистке Швеция өкмөтү баш калка берген. Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар иши боюнча башкы комиссарлыгы тарабынан буга чейин да төрт өзбек журналисти менен укук коргоочулары аталган өлкөгө чыгарылган. Бул тууралуу «Азаттыкка» учурда Бишкекте баш калкалап жүргөн өзбек бийлигине оппозициядагы «Эрк» партиясынын өкүлү Насрулла Сайидов шаршембиде билдирди. Анын айтымында Кыргызстандын аймагында дагы өзбекстандык 4-5 чакты укук коргоочу менен эркин журналисттер баш калкалап турушат. Алар Кыргызстанга убактылуу баш калкалоо үчүн өткөн жайда келишкен.