ТЕГЕРАН ӨКМӨТҮ СУФИЛЕРГЕ КЫСЫМЫН КҮЧӨТТҮ

13-февралда Ирандын Ком шаарында суфизмдин 1 миңден ашуун жолдоочусу камакка алынды. Суфизм Иранда акыркы кезде популярдуу болуп баратат. Өлкөдө дервиштер менен салттуу исламдын жактоочулары ортосунда тирешүү дайыма болуп келген. Бирок дервиштердин өкүлдөрү белгилегендей, аларга каршы чабуул бийликке жаңы президент келгенден бери өзгөчө күчөдү.
Ком шаарынын губернатор орун басары Ахмад Хажизадехтын айтымында, полиция 1 миң 200дөй дервишти камакка алды. Ортодо чыккан кагылышууда 100гө жакын киши, анын ичинде 30 тартип коргоочу жарадар болду.
Расмий маалыматка ылайык, суфилер турак үйдү табыт кылуучу жайга айлантып, аны бошотуу буйругуна баш ийбей коюшкан. Айрым дервиштер куралчан болчу, - деп ырастайт бийлик.

Суфилердин өкүлдөрү болсо мындай айыптоолорду четке кагып, бийликтин кысымын суфизмдин популярдуулугунун өсүшү менен түшүндүрүшөт.
Суфи топторуна жакын булактардын жана укук коргоочулардын маалыматтарына таянсак, камакка алынгандардын саны 2 миң кишиге, жарадар болгондордун саны болсо 350 адамга жетет.

Полиция менен суфилердин кармашынан кийин бийлик сыйнуучу жайды жана топтун эки лидеринин үйлөрүн буздуруп салды.
Суфизм исламдын бир бөлүгү болгону менен, айрым консерватор динаятчылар аны коркунуч катары кабыл алышат. Кээ бирлер атүгүл аны ислам жолунан тайуу деп эсептешет.

Иранда суфизм менен салттуу исламдын тирешүүсү дайыма болуп келген. Байкоочулардын баамында бул тирешүү 27 жыл илгери Ислам жумурияты негзиделгенден кийин өзгөчө курчуду.
Парижде жайгашкан Адам укуктары боюнча эларалык федерациянын вице-президенти Абдул-Карим Лахижинин пикирин угуп көрсөк:

Ислам өкмөтү башкарган жылдары мусулман эмес диндердин өкүлдөрү– бахаи, жөөт, христиандар, ошондой эле суфилер чектөөлөргө туш болуп, алардын жыйындары үзгүлтүккө учуратылып келген. Эми болсо Комдогу окуялар. Ирандын азыркы тарыхында суфи топтору ушундай мамилеге эч качан кабылган эмес. Алардын табыт кылуучу жайы жер менен жексен кылынды.

Суфизм боюнча адис Саид Мустафа Азмаейш Ком шаарында суфизмдин жолдоочулары алагачкы жолу бутага ачык эле алынды деп санайт. Буга чейин бийлик алардын лидерлеринин, борборлорунун ишмердүүлүгүн гана чектеп келген.

Дервиштер менен мусулман фанатиктердин тирешүүсүнүн жаңы айлампасы башталды десек болот. Себеби буга чейин суфилердин жетекчилери гана кысымга алынчу, азыр болсо жалпы суфилерге, алар дервиш болгондугу үчүн эле күч көрсөтүлүүдө.

Сөз болуп жаткан суфилер “Нематоллахи Гонобади” деген топко киришет. Азмаейш алардын тыш жердеги өкүлү. Анын ырастоосунда, суфилерге болгон кысым бийликке Махмуд Ахмадинежад келгенден кийин өзгөчө күчөдү.

Фанатиктер суфилерди репрессияга алып жаткан кезде, тилекке каршы, тартип коргоо органдары аларды токтотуу үчүн эч нерсе жасаган жок. Хатаминин мөөнөтү аяктап, бийликке жаңы өкмөт келгенден бери суфилерге, өзгөчө анын “Немоталлахи Гонабади” деген бутагына кысым күчөдү.

Анын айтымында, соңку 5 жылдын ичинде Иранда суфилерге каршы багытталган бир нече китеп жарык көрдү, бир топ динаятчылар суфизмди айыптаган билдирүү жасашты.Коомдогу кагылышуу болсо ошондой билдирүүлөрдүн биринен кийин башталган.
Калаанын жетекчиси Аббас Мохтаждын дервиштер чет өлкөлөр менен байланышта турат деп айыптаган жери бар.Кандай болбосун, Азмаейш суфилердин бутага алынышын аларга ыктаган элдин көбөйүшү менен түшүндүрөт:

Адамдар диндин тоталитардык талкууланышынан кача башташты. Аларда күнөм саноо пайда болду.
Эл мечиттерге азыраак барып жаткан кезде суфилердин сыйынуучу жайлары, тескерисинче, кеңейип жатат
.

Ирандын бийлиги кармалган дервиштер сурак берип, “негизги элементтер менен тукуруучулардан” башкалары акырындап кое берилет деп билдирди.