Нобелдин тынчтык сыйлыгына быйыл өтө көп же 200дөй талапкер көрсөтүлгөн. 2006-жылдын лауреаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде Финляндиянын мурдакы президенти Маарти Ахтисаари, Индонезиянын президенти Сусило Бэмбанг, АКШнын мурдакы тышкы иштер министри Колин Пауэлл, ирландиялык музыканттар Боб Гелдоф жана Боно да бар экени маалым.