Евробиримдик Палестин автономиясына 120 миллион евро жардам бөлдү

Акча палестиндердин электр кубаты үчүн карыздарын, өкмөттүк кызматкерлердин айылыктарын төлөөгө, оорукана-мектептерге жардамга колдонулат жана ХАМАС башындагы өкмөт түзүлгөнгө чейин таратылат.
Евробримдиктин тышкы байланыштар комиссары Бенита Ферреро-Вольднер айымдын билдиришинче, жардам биримдиктин Палестин президенти Махмуд Аббасты колдогонун тастыктайт.
Евробримдик ХАМАСты террордук уюм деп тааныйт жана жардамды өткөн айда токтотуп койгон эле.