Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун баш катчысы Бишкекке келет

БИШКЕК. 3-мартта Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун баш катчысы Марк Перрен де Бришамбо Кыргызстанга иш сапары менен келет. Баш катчы Кыргызстандагы ЕККУ тарабынан иштелип жаткан долбоорлор менен жакындан таанышат. Марк Перрен де Бришамбо президент Курманбек Бакиев менен жолугушат. Анда Кыргызстан менен ЕККУнун эки тараптуу кызматташуусуна байланыштуу маселе талкууланат.