Европа Биримдиги Беларуста президенттикке талапкер оппозициячы камалганына тынчсызданууда

Венада таратылган билдирүүдө Евробиримдик Беларус бийликтерин 19-марттагы шайлоого катыша турган талапкерлердин коопсуздугун кепилдөөгө үндөйт. Оппозициячыл талапкер Александр Казулин кечээ Минскидеги конференцияга кирип бараткан жеринен коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалып, токмок жеген.