Ирактагы айтылуу "Абу –Грейб" түрмөсү жабылат

"Абу-Грейб" түрмөсү жабыларын АКШ жарыялады. Америкалык тараптын билдиргенине караганда, ал жердеги 4,5 миңдей адам башка түрмөгө которулмакчы. Бул үч айдын аралыгында ишке ашырылуусу мүмкүн.
"Абу- Грейб" бүткүл дүйнөгө мындан бир жарым жылча мурда америкалык аскерлер абактагыларды кордогондугу жөнүндөгү маалыматтардан улам чыккан жаңжалга байланыштуу таанылган эле.

Мунун аралыгында 13 козголоңчу дарга асылганын кечээ Ирактын өкмөтү билдирди. Багдаддын өзүндө болсо кечээги жарылуулардан жөн -жай 9 адам каза тапты. Ал эми Вашингтондон АКШ Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс, коргоо министри Дональд Рамсфелд Сенаттагы талкууларда Иракка каражат арбын сарпталып жатканынын тууралыгын коргошту. Рамсфелддин айтымында, АКШ Иракта жарандык согушту алдын алууну көздөөдө:

-Биздин план - жарандык согушту алдын алуу. Кокус ал чыгып кетсе, биз анда коопсуздук күчтөрү жөндөмүнө жараша чара көрүүсү үчүн мүмкүнчүлүк беришибиз керек.

Дональд Рамсфелд белгилегендей, эгер Иракта жарандык согуш чыгып кетсе, ага каршы Ирактын өзүнүн коопсуздук күчтөрү чара көрөт.