Келгин канаттуулардын жолунда тургандыктан Кыргызстанда да куш тумоосунун пайда болуу коркунучу жок эмес. Учурда тиешелүү мекемелер тарабынан илдеттин алдын алуу чаралары көрүлүүдө. Дартка каршы күрөшүү боюнча улуттук программа түзүлүп, ага Дүйнөлүк банк 4 миллион доллар берүүгө макулдашкан. Бул акча апрель айынын орто ченинде берилиши мүмкүн. Мамлекеттик ветеринария департаментинин башчысы Талант Узакбаевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, кокус бул илдет башталып кетсе, ага каршы алгачкы иштерди жүргүзүүгө азыр мүмкүнчүлүк бар. Мындан сырткары илдетке чалдыккан үй канаттууларынын ээсине чыгымдарды төлөө үчүн да бир миллион доллар каралган. Бул ошол күнкү базар баасынын 70 пайыз өлчөмүндө төлөнүп берилет.