Ыссыкөлдөгү Бозтери айылынын тургундары нааразылык билдиришүүдө

КАРАКОЛ. Төрт жыл мурда Ысыккөл жээгинде Гүлкайыр менен Золотые пески эс алуу жайынын ортосунан Бозтери айылына эс алуу үчүн жер берилген эле. Ал белгисиз себептер менен быйыл Элнуру эс алуу жайынын директору Сталбек Турусбековго катталгандыгы ачыкка чыкты. Буга нааразы болгон эл атайын курултай чакырып, Турусбековду көл аймагына киргизбөө чечимин чыгарышты. Эс алуу жайларынын отуздан ашууну Бозтери айылында жайгашкандыктан бул жердеги 11 миңге жакын калк курчалган тосмолордон көлгө өтө албай калганына нааразы болууда.


Аба ырайы.

Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 12-мартта Кыргызстанда ала булут каптап турат, жаан-чачындын болушу күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +16...+21 градус.
ТАЛАСта түнкүсүн +1...+6, күндүз +15...+20 градус.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАТ облустарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +15...+20.
ЫСЫККӨЛ аймагында түнкүсүн 0...-5, күндүз +6...+11 градус.
НАРЫНда түнкүсүн -7...-12 градус, күндүз 0...+5.
БИШКЕК шаарында жаан-чачындын болушу күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн +8...+10, күндүз +18...+20.

Азиза Турдуева

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ