Юстиция министрлиги Р. Акматбаев боюнча өз жообун берди

БИШКЕК. Юстиция министрлиги Рыспек Акматбаевдин соттолгондугуна байланыштуу жагдайларга укуктук экспертизаны соңуна чыгарды. Юстиция министри Марат Кайыповдун айтымында, кыргыз өкмөтү үч суроого жооп берүүнү өтүнгөн.

- Мыйзамдарды карап чыгып, эгер соттолгондугу жоюулуп, алынып салса анда шайлоого катыша алат деген тыянакка келдик. Эгер соттолгондугу жоюла элек болсо шайлоого катышууга укугу жок деп жооп бердик, -дейт Марат Кайыпов. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча Рыспек Акматбаев соңку күндөрү чет жакта жашайт. Юстиция министрлиги мыйзамга ылайык үч жыл бою Кыргызстанда эмес, чет жакта жашаса гана шайлоого катыша албайт деп жооп берди. Ал эми 1998- жылкы кылмыш ишинин токтотулушу мыйзамдуу болгонбу деген суроого аталган министрлик бул маселе сот аркылуу гана чечилүүгө тийиш деп жооп берди. Рыспек Акматбаев Балыкчы шайлоо округу боюнча депутаттыкка ат салышууда. Бул округ боюнча талапкерликке БШКга 9 адам арыз берген.

Чолпон Орозобекова