Ооганстанда ири көлөмдөгү курал-жарак табылды

Бул Ооганстанда соңку 25 жылдан берки граждандык согуш учурунда алгачкы ирет табылган эң ири көлөмдөгү аскерий курал-жарактардын жашыруун запасы болуп саналат. НАТОнун жетекчилигиндеги эларалык коалициянын аскерлери өлкөнүн түндүгүндөгү Шеберган еген шаарда 80 тонна жардыргыч зат жана 25 миң мина табылганын кабарлашты.