А. Бекназаров: «24-мартта чыныгы элдик ыңкылап болгон»

БИШКЕК. - «Былтыр 24-мартта Кыргызстанда чыныгы элдик ыңкылап болгон. Андан кийинки окуялар, өзгөрүү болгон-болбогону башка маселе. Бул экөөнү алмаштырбаш керек»- деп билдирди, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров бүгүн Бишкекте болгон маалымат жыйынында. Ал ошондой эле Аскар Акаев кан төккөнгө жол бербей, өлкөдөн чыгып кеттим дегени калп экенин, мурдагы бийлик Орусиядан аскердик жардам сурап, алар Казакстандын Жамбыл шаарына түшүп, бирок Бишкекке жеткенге үлгүрбөй калганын, муну билип калган ыңкылапчылар алар келгенче элди Акүйдүн алдына алып чыкканын билдирди. Бекназаров буга далилдүү фактылары бар экенин айтып, 24-мартта саат экиде Бишкекте өзгөчө кырдаал киргизилмекчи болгонун да кошумчалады.