Парламентте 24-марттагы окуялар боюнча талашып-тартышуу бүтө элек

БИШКЕК. Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда депутат Азимбек Бекназаров Эмгек кодексине 24-март элдик ыңкылап күнү деген өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кезексиз күн тартибине коюуну сунуштады. Маселе депутаттардын арасында талаш-тартыш пайда кылып, айрымдары Кыргызстанда ыңкылап эмес, жөн гана бийлик алмашуу болгон деген пикирлерин айтышты. Мыйзамдын автору Азимбек Бекназаров 24-мартта Кыргызстанда элдик ыңкылап болгонун, парламент ага саясий баа берип, мыйзамдаштыруусу керектигин айтты. Бирок аталган мыйзам долбоорун кезексиз күн тартибине киргизүү маселеси 29 добуш менен өтпөй калды.