Өкмөттүк топтор Борбор Азияда СПИДди ооздуктоо маселесин талкуулайт

БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын вице-премьер-министрлеринин жолугушуусу күтүлүүдө. Ага Казакстандан саламаттыкты сактоо министри катышат. Аталган өлкөлөрдүн өкмөттүк делегациялары бул жолугушууда ВИЧ-СПИД илдетин көзөмөлдөө боюнча Борбор Азиялык долбоорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашмакчы.