Аксы окуясынын курмандыктары эскерилүүдө

БИШКЕК. Бул күндөрү Кыргызстанда Аксы окуясыныны төрт жылдыгы белгиленүүдө. Аксы районунда бүгүн да 2002-жылдын 17-18- мартындагы окуяларда курман болгондор эскерилип, куран окулат. Кечээ аталган райондо эки миңдей адам катышкан эскерүү митинги өтүп, анда Аскар Акаевди жоопко тартуу талабы коюлду. Мындан төрт жыл мурда Аксыда депутат Азимбек Бекназаровду камактан бошотуу талабы менен чыккан элге милиция тарабынан ок атылып, алты адам окко учкан.