Алыскы аймактардагы мектептерде бир маал тамак берилет

БИШКЕК. 20-марттан баштап тоолуу райондордогу мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларына бир маал ысык тамак бериле баштайт. Бул иш чарага Экономика жана каржы министрлиги 7 млн. 200 миң сом бөлгөндүгү тууралуу аталган министрликтин жетекчиси Акылбек Жапаров жума күнү президент Курманбек Бакиев менен жолугушууда билдирген. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматы таратты.