Революцияга каршы чакан митинг болот

Бүгүн Бишкекте революцияга каршы чакан митинг жана жөө жүрүш өтөөрү күтүлүүдө. 24- марттагы ыңкылапты төңкөрүш деп баалаган өзүн патриоттук деп атаган кыймыл уюштурууда. Аталган кыймыл кечээ 24- мартты Конституцияга каршы окуя катары баалаган билдирүү таратты.