Президент менен митингчилердин сүйлөшүүсүнөн натыйжа чыкпады

БИШКЕК. Өкмөт үйүнүн алдына чогулган нааразы элге кечки саат бештерге чукул президент Курманбек Бакиев чыгып, ушул убакытка дейре өкмөттөн эч ким чыгып жолукпаганына таң калганын, өзү болсо башка иштери менен жүргөнүн айтты. Президент ошондой эле бул маселени сот аркылуу гана чечүү зарылдыгын белгилеп, элди тарап кетүүгө чакырды. Президент менен жолугушкандан кийин митингчилер Акүйдүн алдынан Алатоо аянтына жылып, нараазылык чарасын улантышты.