Депутат Акматбаевдин өлүмү боюнча сот иши башталды

БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаар сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин, жаза аткаруу башкармалыгынын башчысы Икматулла Полотовдун жана Жогорку Кеңештин эки кызматкеринин өлүмү боюнча кылмыш иши карала баштады. Аны Аламүдүн райондук сотунун судьясы Кубан Калиев жүргүзүүдө. Бул иш боюнча Азиз Батукаев баштаган 39 адам айыпталууда. Бирок айыпталуучулардын айрымдары кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча токтомду албаганы жана таанышпаганы үчүн ишти кароо 11-апрелге жылдырылды. Депутат Тынычбек Акматбаев баштаган жогорудагы адамдар былтыр октябрь айында Аламүдүн районундагы 31-абактын абалы менен таанышууга барган жеринен түрмөдө жаткандардын колунан каза тапкан.