Бүгүн эртең менен россиялык “Союз” кемесинин жерге түшүрүүчү аппараты Казакстанга конду

Учууларды башкаруу боборунан космонавт Валерий Токарев, америкалык астронавт Уильям Макартур жана бразиялиялык Маркус Понтестин ал-акыбалы жакшы деп кабарлашты.
Токарев менен Макартур Эларалык станцияда былтыркы октябрдан бери иштешти. Алгачкы бразилиялык астронавт болсо станцияга 1-апрелде барган. Понтес бир катар илимий изилдөө жүргүзүп келди. Расмий эмес маалыматтарга караганда анын учуусу үчүн Бразилиянын өкмөтү 20 миллион долларга жакын каражат төлөйт.

Айнура Жекше кызы, Прага