Израиль: “ХАМАС менен байланыштан качкыла!”, - дейт

Израиль палестиналык ХАМАС согушчул тобу менен алыш-бериши бар баардык чет-элдик дипломаттар менен мамилесин токтото турган болду. Бирок бул өңдүү чечимдер палестин президенти Махмуд Аббас менен алакадагы чет-элдик дипломаттарга таркатылбайт.