Бүгүн авиация жана космонавтика күнү

Адамзат алгачкы ирет космоско учканына бүгүн 45 жыл толду. 1961-жылдын 12-апрелинде советтик космонавт Юрий Гагарин биринчи болуп космоско көтөрүлгөн. Андан бери дүйнө боюнча 430 учкуч-космонавт аалам койнунда болуп кайтты.