Москвада кыргыз-орус аскердик техникалык кызматташтыгы талкууланат

БИШКЕК. Өнөр жай, соода жана туризм министри Алмаз Атамбаев баштаган топ бүгүн Москвага жөнөп кетти. Бул топ Кыргызстан-Орусия ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен 4-жыйынына катышмакчы. Эртең башталчу жыйында тараптар бул багыттагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашат.


Шайырбек Эркин уулу

Редактору Кубат ЧЕКИРОВ