Стамбул шаарындагы жарылуудан 30тан ашуун киши жаракат алды

Жарылуу кечээ шаардын чет жакасындагы райондордун биринде, дүкөндөр менен кафелер катарлаш жайгашкан жерде болгон. Бомба акыр-чикир салынуучу үкөктүн ичине катылган экен. Окуя үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Күрд согушкерлери жакында өлкөнүн күрддөр жыш жашаган түштүк-чыгыш аймагындагы тополоңдордон кийин, жаңы кол салуулар жасаларын эскертишкен болчу.