БИШКЕК. Кыргызстандагы коррупциянын негизги түрүнө кызматка дайындоогу, окуу жайларындагы жана ар кандай документтерди тууралоодогу пара берүүлөр кирет. Бул тууралуу коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана маалымат саясаты боюнча ЖК комитетинин төрагасы Рашид Тагаев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Ал өткөн жумада коррупцияга каршы көшүү боюнча улуттук кеңештин төрагалыгына шайланган. Анын айтымында, коррупцияга каршы күрөшүү иштерин негизинен коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттик жүргүзөт. Улуттук кеңеш болсо коомдук башталышта иш алып барып, аталган агенттиктин ишин көзөмөлдөйт.